USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош шаарынын күнү. Президент түштүк калаага 2 миллиард сом бөлдү

15:13, 05 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 2 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев Шаар күнүн белгилөө учурунда билдирди.

Ал ошондой эле учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Калаа башчысынын маалыматы боюнча, быйыл Ошто 80 чакырым жолду куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, 18 социалдык объект курулуп жатат. Ошондой эле аянты 80 гектарды түзгөн парк түзүлдү.

836943901_935035422736477_3634874742387368831_n.jpg

Мындан тышкары, ал 5 миң 200 көрүүчүгө эсептелген «Ош Арена» стадионунун курулушу тууралуу жарыялады.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Ош шаарында Шаар күнү белгиленди. Майрамдык иш-чаралар Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтүп, гала-концерт менен аяктады. Мэриянын маалыматы боюнча, концертке 30 миңден ашуун адам катышты. Быйыл шаар өзүнүн 3026 жылдыгын белгилөөдө.

Блок YouTube

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18