USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Ош шаар күнү: Андижан он миң түп павлония көчөтүн белек кылды

09:07, 06 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Андижан шаары Ош шаарынын 3026 жылдыгын белгилөөгө карата он миң түп павлония көчөтүн белекке берди.

Өзбекстандын Андижан облусунун жетекчисинин орун басары Махамаджон Нишанов Кыргызстандын түштүк борборунун башчысы Жанарбек Акаев менен жолугушуп, көчөттөрдү тапшырды.

Алар шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн Оштун көчөлөрүнө отургузулат.

Ош менен Андижанды тыгыз байланыштар бириктирип турат. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча тиешелүү макулдашууга 2017-жылдын сентябрь айында эле кол коюлган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18