Ош шаарында жугуштуу оорулар бейтапканасы жана онкологиялык борбор курулат
Ош шаарында 400 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасын жана жаңы онкологиялык борборду куруу пландалууда. Долбоорлорду Ислам өнүктүрүү банкынын катышуусу менен ишке ашыруу каралып жатканын шаардык мэрия кабарлады.
Шаарга атайын иш сапары менен келген Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жергиликтүү медициналык мекемелердин абалы менен таанышып, Төлөйкөн айылындагы мурдагы балдар кургак учук санаторийинин аймагында заманбап онкологиялык борборду, ал эми Кең-Сай конушунда 400 орунга ылайыкталган жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын куруу пландалган жерлерди жеринен көрүп чыгышты.

Иш сапардын алкагында Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова менен жолугушуу өтүп, долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү кадамдары талкууланды.
Шаар тургундарына жана түштүк аймагынын калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрө турган бул масштабдуу демилгелер саламаттыкты сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.