USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош шаарында «Акылман» президенттик лицейи курулууда

11:38, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында «Акылман» президенттик лицейи курулууда. Учурда объектте пайдубалын куюу иштери жүрүп жатат.

Объекттин башкы куруучусу Адилет Жумабай уулунун айтымында, иштер бекитилген график боюнча жүрүүдө.

«Курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, лицейди жаңы окуу жылынын башталышына карата ачууга аракет кылабыз», — деди ал.

Лицей Б. Осмонов көчөсүндө жайгашат. Объекттин жалпы аянты 13 миң чарчы метрден ашат. Имарат төрт блоктон жана үч кабаттан турат.

Учурда үч блоктун пайдубалы куюлуп бүттү, төртүнчүсүндө иштер уланууда. Курулуш аянтында эки нөөмөт менен 60ка жакын киши жана 20 бирдик техника иштеп жатат.

Эске салсак, «Акылман» президенттик лицейи — зээндүү жана таланттуу балдарды окутуу үчүн мамлекеттик атайын мектеп-интернат. Биринчи лицей 2023-жылы Садыр Жапаровдун демилгеси менен Чолпон-Ата шаарында ачылган. Быйыл лицейдин жаңы филиалдары Талас жана Манаста иштей баштады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18