Ош шаарында жана ага жакын райондордо газ убактылуу өчүрүлөт
Ош шаарында жана ага жакын калктуу конуштарда табигый газды берүү убактылуу токтотулат. Чектөөлөр Өзбекстандын аймагындагы магистралдык газ түтүгүндө жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштууболуп жатат.
Мэриянын маалыматы боюнча, газ 16-октябрда саат 10:00дө өчүрүлөт. Газ берүү 17-октябрда саат 8:00дө калыбына келтирилет.
Шаар бийлиги убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурап, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.