Орто басымдагы жер астындагы газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 22-23-октябрга чейин борбор калаанын айрым бөлүктөрүндө көк отунду берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматы билдирди.
Өчүрүү төмөнкү райондорду камтыйт:
Аламүдүн айылы, ЧЧК, Жогорку Ат-Башы каналы, Дачный көчөсү, Алма-Ата, Гидростроительная, Аул, Курманалиев, Первомайский, Логвиненко, Кыргыз көчөлөрү, айланма жол, Ала-Арча дарыясы, Бухара көчөсү, Заводской кыска көчөсү, Коллективная, Кырк Чоро көчөлөрү, Төмөнкү Ала-Арча айылы, «Красный строитель», «Кайынды», «Эне-Сай», «Керамическая», «Чалбай» конуштары, «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликовский торт» ишканалары, «Сантехзаготовка» заводу, Елебесов көчөсү, № 211 (Шаардык кургак учукка каршы оорукана), «Ак-Тилек-1», «Ак-Тилек-2» конуштары.
«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерден газ өчүрүлгөн мезгилде альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.