Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаап, жолдор тайгак болот
Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу айдоочуларды жолдордо этият болууга чакырат. Тоолуу райондордо кар, туман жана көк тайгак күтүлөт.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-ноябрда күндүз кээ бир райондордо жамгыр жаайт. 11-ноябрда жаан-чачын карга айланып, тоолуу райондордо катуу кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.
Министрлик аба ырайынын начарлашынан улам жолдордо көрүү аралыгы начарлап, кыймыл татаалдашы мүмкүн экенин эскертет.
Тоолуу райондордо жолдор тайгалак болуп, айрым жерлерин муз каптайт.
Айдоочуларга алыскы жолго чыгар алдында коопсуз аралыкты сактоо, жолдун абалын эске алуу менен ылдамдыкты тандоо, кышкы дөңгөлөктөрдү жана унаанын техникалык абалын текшерүү сунушталат.