Кыргызстанда «НСК» камсыздандыруу компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду
Кыргызстанда «НСК» ЖАК камсыздандыруу компаниясынын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Эми компания камсыздандыруу ишмердүүлүгү менен алектене албайт.
Чечим мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатында ведомствонун көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынганы белгиленет. Ошол эле учурда лицензияны токтотуунун себептери көрсөтүлгөн эмес.
Камсыздандыруу компаниясы 2007-жылы түзүлгөн. Расмий маалыматтарга ылайык, анын капиталында чет өлкөлүк катышуу жок. Жетекчиси катары Лариса Ким көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөр жөнүндө маалымат жок.
Компаниянын өзүнүн сайтында директорлор кеңешинин төрагасы Талантбек Кемелов экени көрсөтүлгөн. Ал камсыздандыруу тармагында 2008-жылдан бери иштейт. Эмгек жолун «НСК» компаниясында баштаган. Кийин Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company жана «А Плюс» компанияларында иштеген. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан. Талантбек Кемелов Жогорку Кеңешке Кыргызстандын мекенчил биримдик партиясынын тизмеси менен өтүүгө аракет кылган.
Компаниянын сайтында башкы директор катары Темир Миранов көрсөтүлгөн. Ал камсыздандыруу чөйрөсүндө 2013-жылдан бери иштейт.
Уставдык капиталдын өлчөмү 150 миллион сомду түзөт.