USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

iPhone жана Dyson: el loto'до «Байгелер жарманкеси» ачылды

14:40, 03 ноября 2026, Бишкек - 24.kg
-
oblozhka_24_kg - KG.png

el loto'до гаджеттер, үй тиричилигине жана жеке кам көрүүгө арналган техника ойнотулган «Байгелер жарманкеси» ачылды. Байгелердин арасында - 1 ТБ эс тутуму бар iPhone 18 Pro Max, кофе машинасы, саат жана акылдуу колонка. Кайсы белектерди тандаса болорун жана «Ийгилик саны» конкурсу кандай өтөрүн айтып беребиз.

Кандай белектерди тандаса болот?

Чач жасалгалоого арналган Dyson стайлери, музыка угуу үчүн акылдуу колонка же эртең менен даамдуу кофе даярдай турган кофе машинасы - «Байгелер жарманкесинен» өзүңө жаккан белекти таба аласың.

Октябрдан декабрга чейин «Байгелер жарманкесинде» үй техникасы, электроника жана башка белектер ойнотулат.

24_1_kg - KG версия.png

elcoin эмне үчүн керек?

Катышуу үчүн elcoin керек. Бул — el loto лотереяларындагы утуштар үчүн чегерилүүчү оюн тыйындары. Топтолгон тыйындарды өзүңө жаккан белек үчүн конкурска катышууга колдонсоң болот. Бир аракеттин баасы байгенин баракчасында көрсөтүлгөн.

Утуштун ар бир 10 сому үчүн 1 elcoin берилет. Мисалы, 100 сом утсаң, 10 elcoin чегерилет. Бир күндө 1 000 elcoin’ге чейин топтоого болот.

«Байгелер жарманкесине» кантип катышса болот?

  1. elloto.kg сайтындагы «Байгелер жарманкеси» бөлүмүнө өт.

  2. Белекти тандап, катышуу аракетинин elcoin менен көрсөтүлгөн баасын кара.

  3. «Ийгилик санын» жазып, катышууну ырастап кой.

«Ийгилик саны» — бул конкурс үчүн өзүң тандаган оң бүтүн сан. Башка эч ким тандабаган эң кичине сан жеңүүчү болот. Конкурс аяктаганга чейин катышуучулардын сандары жашыруун сакталат.

Бүттү! Эми жыйынтыктарды күтүш керек. Белектин баракчасындагы таймер розыгрыштын аякташына канча убакыт калганын көрсөтөт.

24_2_kg.png

Кайсы сан жеңишке жеткирет?

Конкурс аяктагандан кийин эң кичине, башка эч ким тандабаган санды жөнөткөн катышуучу жеңүүчү болот.

Мисалы, эки катышуучу 1 санын, үчүнчүсү 2 санын тандады дейли. Үчүнчү катышуучу жеңет, анткени анын саны кайталанган эмес жана ал кайталанбаган сандардын ичинен эң кичинеси.

Эгер бардык сандар кайталанса, система башкаларга караганда азыраак тандалган санды аныктайт. Мындай сандар бир нече болсо, эң кичинеси тандалат. Бул санды биринчи жөнөткөн катышуучу жеңүүчү болот.

Бир нече жолу катышса болобу?

Ооба! Бир байге ойнотууга катышуу аракеттеринин саны чектелбейт. Бир нече «Ийгилик санын» жөнөтсөң болот — ар бир аракет үчүн elcoin төлөнөт. Бир эле конкурстагы ар бир кийинки аракеттин баасы мурункусунан эки эсе кымбат болот.

24_3_kg.png

el loto

  • el loto — Кыргызстандын улуттук онлайн лотереясы. Жалпы байге фонду 115 млн сомдон ашат.

  • Платформада заматта утуш жана тираждык лотереялар бар. Жаңы оюндар жана белек ойнотуулар үзгүлтүксүз кошулуп турат.

  • Уюштуруучу — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик лотерея компаниясы «КЫРГЫЗЛОТО».

  • el loto'нун ишмердүүлүгү жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Белектерди көрүп, конкурсту тандап, катышуу шарттары менен elloto.kg сайтынан таанышууга болот.

el loto'нун жаңылыктары жана жаңы розыгрыштар тууралуу маалыматты Telegram жана WhatsApp каналдарынан алса болот.

***

Катышуу эрежелери жана учурда өткөрүлүп жаткан тираждар тууралуу маалымат elloto.kg расмий сайтында жана Телеграмдагы @elloto_kg расмий баракчасында жайгашкан. elloto.kg — мамлекеттик уюштуруучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде кесиптик лотереянын оператору катары иш алып барган «Эллипсис Тех» ЖЧКсынын онлайн-платформасы.

Кесиптик лотереянын уюштуруучусу — Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн, «КЫРГЫЗЛОТО» брендин колдонгон «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасы. Оператор — «Эллипсис Тех», укук белгилөөчү документ: 06.02.2026-жылдагы № 1 келишим. Лотереялык ишти жөнгө салуучу орган — Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. Катышууга 18 жаштан тартып уруксат берилет.

ЖАРНАМА УКУГУНДА. Буюртмачы — «Эллипсис Тех» ЖЧКсы. 18+

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18