USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

203 миллион сомдон ашык утуш: el loto онлайн-лотереясы кандай иштейт?

17:11, 02 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Лотерея кыргызстандыктарга көптөн бери тааныш. Эми бул көнүмүш формат онлайн да жеткиликтүү. Оператордун маалыматына ылайык, 2026-жылдын май айынан сентябрь айына чейин el loto колдонуучуларына чегерилген утуштардын жалпы суммасы 203 370 169,64 сомду түздү. Улуттук онлайн-лотерея кандай иштээрин жана катышуудан мурун эмнелерди билүү керектигин айтып беребиз.

Лотерея эми дайыма кол алдында

Катышуу үчүн билет саткан жайды издөөнүн кереги жок. el loto улуттук лотереянын көнүмүш форматын онлайнга алып чыкты: оюнду тандап, билет сатып алып, жыйынтыгын телефондон же компьютерден билүүгө болот.

Платформада заматтык жана тираждык оюндар жеткиликтүү. Билеттердин баасы 3 сомдон башталат, ал эми балансты эң аз 15 сомго толуктоого болот.

Лотереянын маңызы мурдагыдай эле: оюнду тандайсың, катышасың жана жыйынтыгын билесиң. Ал эми бүгүнкү күндө лотерея заманбап форматта сунушталууда: el loto платформасында кооз графикасы бар заматтык лотереялар жана классикалык тираждык оюндар сунушталат.

Расмий макам жана ачык эрежелер

Онлайн-лотереяга катышууда аны ким уюштурарын, оюндар кандай эрежелер менен өтөрүн жана утушту кантип алууга болорун билүү маанилүү.

el loto лотереясынын уюштуруучусу — «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы («Кыргызлото»). Платформа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт.

el loto платформасынын техникалык системасы лотерея системаларын текшерүү жаатындагы алдыңкы эл аралык лабораториялардын бири болгон Gaming Laboratories International (GLI) тарабынан текшерүүдөн өткөн. Текшерилген система белгиленген техникалык талаптарга жооп берет.

Оюндардын эрежелери, катышуу шарттары жана утуштарды алуу тууралуу маалымат колдонуучуларга алдын ала жеткиликтүү.

Верификация эмне үчүн керек?

el loto лотереясына 18 жашка толгон колдонуучулар гана катыша алышат. Ошондуктан оюнга катышуудан мурун верификациядан өтүү зарыл.

Верификация катышуучунун жашын ырастоого жана аккаунтун коргоого жардам берет. Ошондой эле ал каржылык операцияларды туура жүргүзүү жана утуштарды алуу үчүн керек.

Верификациядан «Түндүк» тиркемеси аркылуу же паспортту өз алдынча жүктөө менен өтүүгө болот. Бул үчүн керектүү жеке маалыматтар колдонулат жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштетилет.

Оюнду кантип баштоо керек?

Алгач elloto.kg сайтына телефон номери аркылуу катталып, верификациядан өтүп, балансты толуктоо керек. Андан соң оюнду тандап, анын эрежелери менен таанышып, ийгилигиңди сынап көрүүгө болот.

Катышууга 18 жашка толгон колдонуучуларга гана уруксат берилет.

***

Катышуу эрежелери жана учурда өткөрүлүп жаткан байге ойнотуулар тууралуу маалымат elloto.kg расмий сайтында жана Instagram тармагындагы @elloto_kg расмий баракчасында жеткиликтүү. Онлайн-платформанын оператору — мамлекеттик уюштуруучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде кесиптик лотереянын оператору катары иш алып барган «Эллипсис Тех» ЖЧКсы.

Кесиптик лотереянын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн, «Кыргызлото» брендин колдонгон «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы. Оператор — «Эллипсис Тех» ЖЧКсы. Иш алып баруунун укуктук негизи — 2026-жылдын 6-февралындагы № 1 келишим. Лотерея ишмердигин жөнгө салуучу орган — Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. Катышуу — 18 жаштан баштап.

ЖАРНАМА. Буюртмачы — «Эллипсис Тех» ЖЧКсы. 18+

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18