el loto байге фондунда 115 миллион сом: платформада кандай жаңылыктар бар?

«Жаратылыш күчтөрү» заматта ойнотулуучу лотереясы ишке киргенден кийин el loto платформасынын жалпы байге фонду 115 миллион сомдон ашты. Мындан тышкары, эки тираждык лотереянын ойнотуу графиги өзгөрдү: эми тираждар күнүнө үч жолу — эртең менен, күндүз жана кечинде өткөрүлөт.
Байге фонду 115 миллион сомдон ашты
«Жаратылыш күчтөрү» заматта ойнотулуучу лотереясы ишке киргенден кийин платформанын жалпы байге фонду көбөйдү. Уюштуруучунун маалыматына ылайык, ал 115 миллион 312 миң 500 сомго жетти.
Байге фонду el loto платформасындагы бардык лотереяларда утуштарды төлөөгө каралган суммаларды камтыйт. Бул бир чоң байге эмес, платформадагы лотереялардын жалпы байге фонду.

Эми ар бир лотереянын тиражы күнүнө үч жолу өткөрүлөт
Колдонуучулар катышуу үчүн өзүнө ыңгайлуу убакытты тандап, жыйынтыгын тиешелүү тираж өткөндөн кийин биле алышат.
«Рапидо» — 10.00, 16.00 жана 22.00.
«28ден 5и ийгилик коду» — 10.30, 16.30 жана 22.30.
Электрондук билеттерди сатуу тиешелүү тираж башталардан 10 мүнөт мурун токтотулат.

Электрондук билеттер кандай иштейт?
el loto платформасындагы бардык билеттер электрондук форматта. Сатып алынгандан кийин алар жыйынтыктары тууралуу маалымат менен бирге колдонуучунун жеке кабинетинде сакталат.
Заматта ойнотулуучу лотереяларда электрондук билеттердин сериясы алдын ала түзүлөт. Ал серияда белгилүү бир суммадагы утуштары бар билеттер каралган. Сатып алгандан кийин колдонуучуга жеткиликтүү билеттердин бири берилип, анын жыйынтыгы дароо белгилүү болот. Карточкаларды ачуу, дөңгөлөктү айлантуу жана башка визуалдык ыкмалар жыйынтыкты көрсөтүүгө жардам берет.
Билеттердин баасы жана мүмкүн болгон утуштардын суммасы лотереяга жана билеттин номиналына жараша болот. Лотереянын түрүнө жараша электрондук билеттердин жалпы наркынын 95 пайызына чейинки сумма утуштарга бөлүнөт. Бул көрсөткүч бүтүндөй серияга тиешелүү жана ар бир билет боюнча утушка кепилдик бербейт.
Тираждык лотереяларда колдонуучу сандарды өзү тандайт же автоматтык тандоону колдонот. Жыйынтык тираж өткөрүлүп, түшкөн сандардын айкалышы билеттеги сандар менен салыштырылгандан кийин белгилүү болот.

el loto жеңүүчүлөрүнүн окуялары
el loto колдонуучуларынын арасында ири сумма утуп алгандар да бар.
Бишкектен Абдураим «Түш туткуч» заматта ойнотулуучу лотереясынан бир электрондук билет сатып алып, 100 миң 611 сом утуп алды.
Оштон Эленора «Ийгилик сандыгы» лотереясында бир электрондук билеттен 90 миң сом утуп алды.
Ар бир электрондук билеттин өзүнчө жыйынтыгы бар. Ал эми билеттин баасы жана катышуу шарттары тиешелүү лотереянын баракчасында көрсөтүлөт.
Тираждардын графигин көрүп, лотереялардын эрежелери менен таанышып, электрондук билеттерди elloto.kg расмий сайтынан сатып алууга болот.
Жаңы лотереялар, графиктеги өзгөрүүлөр жана жеңүүчүлөрдүн окуялары тууралуу маалыматтар el loto расмий Telegram-каналында жарыяланат. Жаңылыктардан кабардар болуу үчүн каналга катталыңыз.
***
Катышуу эрежелери жана учурда өткөрүлүп жаткан тираждар тууралуу маалымат elloto.kg расмий сайтында жана Телеграмдагы @elloto_kg расмий баракчасында жайгашкан. elloto.kg — мамлекеттик уюштуруучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде кесиптик лотереянын оператору катары иш алып барган «Эллипсис Тех» ЖЧКсынын онлайн-платформасы.
Кесиптик лотереянын уюштуруучусу — Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлгөн, «КЫРГЫЗЛОТО» брендин колдонгон «Мамлекеттик лотереялык компания» мамлекеттик ишканасы. Оператор — «Эллипсис Тех», укук белгилөөчү документ: 06.02.2026-жылдагы № 1 келишим. Лотереялык ишти жөнгө салуучу орган — Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. Катышууга 18 жаштан тартып уруксат берилет.
ЖАРНАМА УКУГУНДА. Буюртмачы — «Эллипсис Тех» ЖЧКсы. 18+