iPhone гана эмес: X2 LOTO'дон 250 миң сомго чейин утуп алууга болот

Жаңы iPhone, саякат, тиричилик техникасын жаңылоо же көптөн бери пландап жүргөн сатып алуу. Ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү кыялдарыбыз жана каалоолорубуз бар. Ал эми белгилүү бир белектин ордуна акчалай утушка ээ болуп, аны эмнеге жумшоону өзүңүз чечсеңиз кандай болот?
Мындай мүмкүнчүлүктү Кыргызстандын биринчи онлайн-лотереясы — X2 LOTO сунуштайт. Бул жерде көз ирмемдик жана тираждык оюндарда бактыңызды сынап көрө аласыз. Катышуу баасы болгону 10 сомдон башталат, ал эми тираждык лотереялардын биринде эң жогорку утуш 250 миң сомго жетет.
250 миң сом — сиз бул акчаны эмнеге жумшамаксыз?
Элестетип көрүңүз: жаңы смартфон, көптөн күткөн эс алуу же буга чейин каражат жетпей жүргөн ири сатып алуу. Мындай суммага ар кимдин өз планы бар.
X2 LOTO платформасында акчалай утуштар үчүн бактыңызды сынай турган «ТАП» тираждык лотереялар сериясы бар:
- ТАП-1— 30 миң сомго чейин;
- ТАП-2— 90 миң сомго чейин;
- ТАП-3— 150 миң сомго чейин;
- ТАП-4— 250 миң сомго чейин.
Эң кызыгы — жыйынтыкты көпкө күтүүнүн кереги жок! Жаңы тираждар ар 4 мүнөт сайын өткөрүлөт, ал эми катышуу баасы 10 сомдон башталат.
Өзүңүзгө жаккан оюнду тандап, тиражга катышыңыз жана жыйынтыгын түз эле смартфонуңуздан текшериңиз.

Күткүңүз келбейби? Көз ирмемдик оюндар да бар!
Эгер жыйынтыкты дароо билүүнү жактырсаңыз, X2 LOTO платформасында ар кандай сюжеттери жана ойноо эрежелери менен айырмаланган көз ирмемдик лотереялар жана эксклюзивдүү оюндар бар.
«Маджонг», «Алтын ажыдаар», «Бактылуу панда» — бул платформада жеткиликтүү оюндардын бир бөлүгү гана. Ар бир оюндун өзгөчө жасалгасы, эрежелери жана ойноо тартиби бар.
Ал эми алгач оюндун кандай иштээрин түшүнүп алгыңыз келсе, айрым оюндарды демо-режимде акысыз сынап көрүүгө болот. Бул үчүн чыныгы акча коротуунун кереги жок.
Жыйынтыктарды кантип билип, утушту кантип алууга болот?
X2 LOTO'до баары жөнөкөй: тираждардын жыйынтыктары расмий сайтта жарыяланат, ал эми өз билеттериңизди текшерип, утуштарыңыз тууралуу маалыматты жеке кабинетиңизден көрө аласыз.
Эгер билетиңиз утушка ээ болсо, акча автоматтык түрдө колдонуучунун балансына түшөт. Утуп алган акчаңызды өзүңүзгө ыңгайлуу каалаган убакта платформада жеткиликтүү болгон ыкмалардын бири аркылуу чыгарып алсаңыз болот.
Лотерея эми смартфонуңузда

Мындан ары билет саткан жайларды издеп же утуш ойнотуулардын убактысына ылайыкташуунун кереги жок. X2 LOTO онлайн иштейт — сүйүктүү оюндарыңыз түз эле смартфонуңузда жеткиликтүү.
Лотереялардын уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик лотереялык компаниясы, ал эми оператору — «X2» ЖЧКсы.
Кандай оюндар бар экенин билип, бактыңызды сынап көргүңүз келеби?
Анда x2.kg сайтына кирип, эрежелер менен таанышыңыз, өзүңүзгө жаккан лотереяны тандаңыз жана бактыңызды сынап көрүңүз!
Балким, дал сиздин кийинки билетиңиз утуштуу болуп калар!
Мамлекеттик уюштуруучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде кесиптик лотереянын оператору катары иш алып барган «X2» ЖЧКсынын расмий сайтында (https://x2loto.kg онлайн-платформасында) жана Instagram тармагындагы x2.kg расмий баракчасында жеткиликтүү.
Кесиптик лотереянын уюштуруучусу — Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлгөн, «Кыргызлото» брендин колдонгон «Мамлекеттик лотерея компаниясы» мамлекеттик ишканасы. Оператор — «X2» ЖЧКсы, укук аныктоочу документ: 30.12.25-жылдагы № _21 келишим. Лотереялык ишмердүүлүктү жөнгө салуучу орган — Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы. Катышуу — 18 жаштан башталат.
ЖАРНАМА УКУГУНДА. Буйрутма берүүчү — «X2» ЖЧКсы. 18+