Бишкектиктерди айдын башында эмне күтөт? 5–7-октябрга карата аба ырайы
Бишкекте жуманын башында жаан-чачын күтүлөт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомол беришүүдө.
5-октябрда жамгыр жаайт. Түнү абанын температурасы +8 градус болот. Күндүз термометр көрсөткүчү +14 градуска чейин гана көтөрүлөт.
6-октябрда түнү жамгыр жаап, +6 градус болушу божомолдонууда. Күндүз күн бүркөк болуп, +12 градус убада кылынууда.
7-октябрда күн кубулуп турат (өзгөрмөлүү булуттуулук). Түнү суук болуп, +4 градус айланасында, күндүз деле анча жылыбайт — болгону +13 градуска чейин жогорулайт.