Бишкекте апта башында жамгыр жаашы күтүлүүдө. Мындай алдын ала болжолду синоптиктер беришүүдө.
12-октябрга караган түнү алмашып туруучу булут чыгат, абанын температурасы +9 градус болот деп күтүлүүдө. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн, ал эми термометрдин мамычалары +20 градуска чейин көтөрүлөт.
13-октябрга караган түнү жамгыр жана +8 градус болору болжолдонууда. Күндүз кургак аба ырайы жана +20 градус убада кылынууда.
14-октябрда алмашып туруучу булут чыгат. Түнү ошондой эле салкыныраак болот — болгону +7 градус, күндүз +21 градуска чейин жылыйт.