USD87.45EUR95.92RUB1.06
24.kg

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашууда кар жаап, туман түштү

09:30, 27 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Чүй облусундагы Төө-Ашууда кар жаап, туман түшкөндүктөн, айдоочуларга жолдо этият болуу эскертилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, унаалардын ортосундагы аралыкты кармоо жана дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталды.

Учурда № 9 Жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштерин жүргүзүүдө.

Жол кыймылына чектөө киргизилген жок, унаалардын өтүүсү ачык.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18