USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аскарбек Шадиевдин кызына тиешелүү мүлк камоодон бошотулду

12:02, 04 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

Биринчи май райондук соту мурдакы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызына тиешелүү мүлктү камоодон бошотту. Бул тууралуу маалыматты Жогорку соттон ырасташты.

Прокуратура ага каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Аскарбек Шадиев 2018-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана акча каражатын мыйзамсыз менчиктештирип алуу беренелери боюнча айып тагылып, 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлкү камоого алынган.

Сот Аскарбек Шадиевди сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18