USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аскар Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилди

14:43, 07 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскар Шадиевдин конфискацияланган мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал билдиргендей, мурунку аткаминерге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана акча каражатын мыйзамсыз менчиктештирип алуу беренелери боюнча айып тагылууда. Конфискацияланган мүлктүн суммасы 1 миллиард 852 миллион сомду түздү.

Азсакрбек Шадиев сыртынан 10 жылга эркинен ажыратылган. Мунун менен бирге мүлкү конфискацияланган. Айрым маалыматтарга караганда, мурунку аткаминер АКШга качып кеткен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18