18:13
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бакуда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Баку шаарында Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Бири-бири менен салам алышкандан кийин мамлекет башчылары ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, тизилген катардын алдынан өтүштү.

Кыргызстан менен Азербайжандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан кийин президенттер расмий делегацияларын тааныштырды.

Сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар