20:30
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Президент мамлекеттик сапар менен Азербайжанга учуп кетти. Делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт.

Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Өлкө башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
  • санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
  • энергетика министри Таалайбек Ибраев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
  • эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;
  • саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • юстиция министри Аяз Баетов;
  • «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов;
  • Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев;
  • президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Эң көп окулган жаңылыктар