19:39
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Башкы прокурор менен жаратылыш ресурстары министри президенттен сөгүш алды

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен комиссия түзүлүп, прокуратуранын айрым кызматкерлеринин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыкты. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында белгиленген фактылар тастыкталды.

«Буга байланыштуу президент башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге кол алдындагыларга тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш жарыялады», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, башкы прокурорго орун басары Кубан Адыл уулун ээлеген кызматынан бошотуу, Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Майтпасовго, экология жаатындагы ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылды.

Комиссиянын курамына президенттик администрациянын төмөндөгү кызматкерлери кирди:

  • Мурат Укушов — президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;
  • Осмонов Азамат — президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси;
  • Нурлан Сулайманкулов — соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Апсатаров — президенттин жардамчысы.
Эң көп окулган жаңылыктар