06:30
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Депутат жол киренин 20 сомго көтөрүлүүсүнө каршы чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол кире акысын 11 сомдон 20 сомго чейин көтөрүүгө каршы чыкты. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мэрия Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын аргумент катары келтирип жатат.

«Европалыктардын орточо айлыгы 250 миң сом, ал эми бизде 25 миң сом экенин белгилеп кетким келет. Кантип алар менен салыштырууга болот? Тарифтерди көтөрбөш үчүн биз электр кыймылдаткычы бар же газ менен иштеген автобустарды сатып алууну талап кылганбыз. Көтөрүлө турган болсо 11 сомдон 15 сомго чейин көтөрүлсүн. Бирок 20 сомго чейин көтөрүп, түнкүсүн 25 сом кылып коюу туура эмес», — деди Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы жол кире акысын 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору муниципалитеттин расмий сайтында жарыяланган. Менчик түрүнө карабастан транспорттун бардык түрлөрү: автобустар, микроавтобустар жана троллейбустар үчүн бирдиктүү тарифти киргизуу сунушталып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар