04:44
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүү 136 миллион сом зыян алып келген

Накталай эмес төлөмгө өтүү 136 миллион сом зыян алып келген. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникация жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында айтылды.

Депутат Казыбек Эргешов накталай эмес төлөмгө өтүүнүн алгачкы күндөрүндө «Тулпар» карталарынын тартыштыгы болгонун эске салды. Ал айдоочуларга накталай акча алууга тыюу салынгандыктан жана жүргүнчүлөрдү бекер ташууга туура келгендиктен улам транспорттук ишканаларга кандай зыян келтирилгенин сурады.

Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов эки айда келтирилген чыгым 136 миллион сомдун тегерегинде болгонун айтты. Ал бул маселе боюнча долбоордун оператору BPC компаниясына бир нече кат жиберилгенин белгиледи.

Азыр карталар бар, валидаторлор дагы орнотулган, бирок эл психологиялык жактан накталай эмес эсептешүүгө өтүүгө даяр эмес.

Максатбек Сазыкулов

Максатбек Сазыкулов электрондук билет киргизилгенден бери накталай эмес жол төлөмдүн саны дээрлик эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

Ал кошумчалагандай, учурда мэрия дифференцияланган тарифти киргизүүнү караштырып жатат, анда накталай төлөм менен жол кире кымбатыраак болот. Ошол эле учурда жүргүнчүлөргө билет берүү пландаштырылууда.

Буга чейин Бишкек мэриясы 20-августтан тарта муниципалдык транспорт толугу менен накталай эмес төлөмгө өтөрүн билдирген. Бирок борбор калаанын троллейбустарында жана автобустарында жол кире акысы дагы деле накталай акча менен алынууда.

Эң көп окулган жаңылыктар