20:28
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Журналист Улугбек Бабакулов Франциядан башпаанек алды

Журналист Улугбек Бабакулов Франциядан башпаанек алды. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.
 
Анын айтымында, азырынча өз мекенине кайтып келе албайт. «Мен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айынан чет жерде жүргөнгө аргасызмын. Франциянын бийлиги мага жана үй-бүлөмө бул жакта калуу үчүн шарттарды түзүп берди», — деди Улугбек Бабакулов.
 

Эске салсак, 2017-жылдын июлунда УКМК журналистке карата улуттук, расалык жана диний козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Улугбек Бабакулов чагымчыл мүнөздөгү бар канча макалаларды жазып чыккан. Ал 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар