Текебаевдин соту. Негизги күбөнү суракка алуу башталды

15:53, 27 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

«Ата Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун сотунда негизги күбөнү суракка алуу башталды. Биринчи май райондук сотунда Александр Модин көрсөтмө берип жатат. 

Эскерте кетсек, Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясы үчүн Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган. 

Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү 18-июнда БШКга саясатчынын президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова Текебаевдин шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.