11:00, 22 июня 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Сот Өмүрбек Текебаевдин шайлоо иштери боюнча ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушуусуна уруксат берген жок. Бул тууралуу чечим Биринчи май райондук сотунда Айбек Эрнис уулу кабыл алды.
Жактоочу Чынара Жакыпбекованын айтымында, сот мыйзам чегинен чыгып кетти. Шайлоого катышып жаткандан кийин Өмүрбек Текебаевге ыйгарымдуу өкүлү менен жолугушууга уруксат берилиши керек болчу.
Эскерте кетсек, Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдакы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун иши каралып жатат. Экөөнө бирдей айып тагылган. Башкы прокуратуранын маалыматында, Текебаев 2010-жылы «Мегаком» компаниясы үчүн Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган.
Өмүрбек Текебаевдин ыйгарымдуу өкүлү жекшемби күнү БШКга президенттик шайлоого катышууга арызын берди. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчынын шайлоого катышуусуна бир гана соттун өкүмү тоскоол болушу ыктымалдыгын айткан.