Мамлекеттик резиденция салафан мешок жана кагаз кол арчыгычтарга 363 миң 500 сом коротот. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында тендерге жарыя жайгаштырылган.
Мейманкана комплексине 3 миң кагаз кол арчыгыч, 24 баннер, 300 таанытма, 800 логотиптер басылган баштык жана кум шекердин 10 миң баштыгы талап кылынган.
Маалыматта, баннердин чети эки катар тигилиши керектиги айтылат. Ал № 1 мамлекеттик резиденциянын аймагына жайгаштырылат.