Фостердик үй-бүлөлөр айына 6 миң сом маяна жана камкордукка алган ар бир балага дагы жогоркудай өлчөмдөгүчө акча алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева маалымдады.
Анын айтымында, фостердик үй-бүлө институту өнүгүп жатат.
Кыргызстанда 2012-жылы бул түшүнүк мыйзам менен бекитилген. Балдарды кароого алган үй-бүлөлөр үчүн жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнөт. Министрликтин маалыматында, учурда 17 бала 9 үй-бүлөдө тарбияланууда. Бир баланы фостердик үй-бүлө биротоло асырап алган.