Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты башталат. Турнир континенттин эң күчтүү спортчуларынын башын бириктирип, 12-апрелге чейин «Жаштык Арена» спорт комплексинде өтөт.
Мелдеште балбандар грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.
Чемпиондуктун программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлгөн:
- 6-8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
- 8-10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
- 10-12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.
Кыргызстандын намысын грек-рим күрөшү боюнча 10 спортчу, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан коргойт.

