20:11
USD 87.45
EUR 100.95
RUB 1.09

Бишкекте өтө турган күрөш боюнча Азия чемпионатынын программасы жарыяланды

6—12-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренада спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке Азиянын эң күчтүү балбандары катышып, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашат.

Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.

Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • 6—8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
  • 8—10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
  • 10—12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.

Кыргызстандын улуттук курама командасынын намысын өлкөнүн мыкты балбандары коргойт, грек-рим күрөшү боюнча 10, кыз-келиндер күрөшү боюнча 9 жана эркин күрөш боюнча 10 балбан күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар