11:48
USD 87.45
EUR 100.82
RUB 1.04

Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү бир түнгө жабылат

Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек шаарында Аалы Токомбаев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү эртең, 25-мартта саат 19:00дөн 26-мартында саат 06:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында жөө адамдар үчүн жер үстүндөгү өтмөктүн темир конструкцияларын орнотуу иштери жүргүзүлөт.

Мэрия убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыыздары алдын ала пландап алууну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар