18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу төмөнкү жол тилкелеринде этият болуу зарыл:
- Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында;
- Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
- Бишкек — Нарын — Торугарт: 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
- Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
- Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусуда.
Аталган аймактарда кар күрткүсү күтүлүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Коопсуздукту камсыздоо үчүн унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты так сактоо талап кылынат.

