09:54
USD 87.45
EUR 101.83
RUB 1.12

Украина-АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн кийинки этабы Түркияда өтүшү мүмкүн

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина-АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн кийинки этабы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу Түркиянын ЖМКлары жазып чыкты.

Владимир Зеленский «Сүйлөшүүлөр кийинки жумада уланат деп күтөбүз, бирок Жакынкы Чыгышта эмне болорун көрөбүз», — деди.

Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки этабынын датасын же ордун азырынча атай албастыгын белгиледи.

«Биз жолугушуу кийинки жумада өтөт деп күтөбүз. Америка тарап сунуштаган. Бирок, чынын айтсам, Жакынкы Чыгышта эмне болорун көрөлү. Жолугушуу Швейцарияда же Түркияда болушу мүмкүн, бирок мен анын Эмираттарда болоруна күмөнүм бар», — деп кошумчалады Зеленский.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөр айрым актуалдуу маселелерди чечүүгө жардам берет.

«Талкуу темаларына келсек, ошол эле эски темалар бойдон калууда, бирок менимче, негизги тема туткундарды алмашууну улантуу жана лидерлердин ортосундагы жолугушууну макулдашуу болуа саналат. Анткени бул жолдон ары, айрыкча аймактык маселелер боюнча, мен жетекчилик деңгээлисиз эч кандай натыйжа көрбөйм», — деди президент.

Эң көп окулган жаңылыктар