14:35
USD 87.45
EUR 100.88
RUB 1.11

Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиев мандатын тапшырды

Шайлоо жана референдумдар боюнча борбордук комиссияга Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевден мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырууга арыз жазды. Депутат бул маалыматты 24.kg агенттигине тастыктады.

Анын арызы БШКнын 10-марттагы жыйынында каралат.

Конгантиев Жогорку Кеңешке 13 миң 379 добуш алып, № 21 округ боюнча шайланып келген.

Ал «Эл үмүт Ата Журт» депутаттык тобунун мүчөсү, Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеди.

Дагы мурда төмөнкүлөр депутаттык мандаттарын тапшырышкан:

  • Элдар Сулайманов;
  • Нурланбек Тургунбек уулу;
  • Кундузбек Сулайманов.

Мындан тышкары, депутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалгандыгына байланыштуу мандатынан баш тарткан.

Эң көп окулган жаңылыктар