2026-жылы Бишкек шаарында электр тармактарын жаңылоо иштери улантылат. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында 278 эски жыгач мамыны жаңы темир-бетон мамыларга алмаштыруу пландалууда.
Быйыл Бишкекте 278 жаңы темир-бетон мамы орнотулат
2026-жылы Бишкек шаарында электр тармактарын жаңылоо иштери улантылат. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында 278 эски жыгач мамыны жаңы темир-бетон мамыларга алмаштыруу пландалууда. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, алмаштырылуучу жыгач мамылар 1960—1970-жылдары орнотулган жана учурда алардын пайдалануу мөөнөтү бир топ убакыт мурда өтүп кеткен. Көпчүлүгү авариялык абалда турат. Жаңы темир-бетон мамыларды орнотуу электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоого мүмкүндүк берет.
2026-жылы темир-бетон мамыларды орнотуу иштери төмөнкү РЭТтерде жүргүзүлөт:
- Чыгыш РЭТ — 50 даана
- Батыш РЭТ — 103 даана
- Түндүк РЭТ — 125 даана
Жаңы мамыларды орнотуу иштерин 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 2025-жылы ишкана тарабынан 671ден ашык темир-бетон мамы орнотулуп, бир катар аймактарда электр тармактарынын эскирген инфраструктурасы жаңыланган.
Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын электр менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Шаардын энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо иштери мындан ары да улантылат.

