13:11
USD 87.45
EUR 101.65
RUB 1.13

Быйыл Кыргызстанда 75 кайра иштетүү ишканасы ачылат

Ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, өндүрүштү модернизациялоо, сүт, эт жана мөмө-жемиш продукцияларын кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында 2026-жылы Кыргызстанда 75 кайра иштетүү ишканасын ишке берүү долбоору бекитилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин бекитилген планга ылайык, 2026-жылы:

  • Чүй облусунда — 8 ишкана,
  • Жалал-Абад облусунда — 14 ишкана,
  • Ош облусунда — 9 ишкана,
  • Ысык-Көл облусунда — 12 ишкана,
  • Нарын облусунда — 15 ишкана,
  • Баткен облусунда — 9 ишкана,
  • Талас облусунда — 8 ишкана ишке берилет.

Ишке бериле турган объектилердин курамы:

  • 10 соода-логистикалык борбор;
  • 6 мөмө-жемиш сактоочу тоңдургуч кампа;
  • 5 дан өсүмдүктөрүн кайра иштетүү ишканасы (ун, макарон жана кондитердик азыктарды өндүрүү);
  • 14 мөмө-жемиш жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүү ишканасы;
  • 8 сүттү кайра иштетүү ишканасы;
  • 8 этти кайра иштетүү ишканасы (анын ичинен 6сы — тоок этин өндүрүүчү);
  • 1 күрүчтү кайра иштетүү ишканасы;
  • 10 мал союучу жай;
  • 5 жүндү кайра иштетүү ишканасы;
  • 2 балыкты кайра иштетүү ишканасы;
  • 1 дары чөптөрдү кайра иштетүү ишканасы;
  • 1 минералдык суу өндүрүүчү ишкана;
  • 3 тоют даярдоочу ишкана;
  • 1 балды кайра иштетүү ишканасы.

Долбоорлорду каржылоонун жалпы көлөмү 6 млрд 203 млн сомду түзөт.

Ишканаларды ишке киргизүү мамлекеттик жеңилдетилген кредиттердин, жеке инвестициялардын жана эл аралык өнөктөш уюмдардын каражаттарынын эсебинен камсыздалат. Жаңы ишканалардын ачылышы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүп, ата мекендик продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жана экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар