Бүгүн, 3-мартта Бишкекте жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурда бул жерде эски Чатыр-Көл кинотеатрынын имараты турган. 2009-жылдан бери ал «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын имараты катары колдонулуп келген. 2025-жылы өрттөн кийин имарат кооптуу деп табылып, быйыл бузулган.
Ачылыш аземинде маданият министри Мирбек Мамбеталиев жаңы борбор театралдык коюуларга, концерттерге, кино көрсөтүүлөргө, жаштар демилгелерине жана билим берүү программаларына кеңири аянтча болуп, чыгармачылыктын, диалогдун жана креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү мейкиндикке айланаарын айтты.

