14:18
USD 87.45
EUR 103.74
RUB 1.13

Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын биринчи саммити күзүндө өтөт

Корея Республикасы менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы биринчи саммит 2026-жылдын 16-17-сентябрында өтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Чо Хён Сеулда өткөн иш-чарага даярдык көрүү жыйынында билдирди.

Yonhap агенттигинин маалыматына ылайык, жолугушууга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын лидерлери катышат.

Тышкы иштер министри алдыдагы жолугушуу Түштүк Кореянын дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыштарды бекемдөөдө маанилүү кадам болорун белгиледи. Ал саммиттин форматы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты тереңдетип, ошондой эле жеткирүү чынжырларын диверсификациялоо жана аймакта жашаган корей этникалык коомчулуктарын колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуунун негизин түзөрүн билдирди.

Эскерте кетсек, аймактагы өлкөлөр АКШ-Борбордук Азия, Европа Биримдиги-Борбордук Азия жана Япония-Борбордук Азия саммиттерине активдүү катышып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар