2026-жылдын 1-январынан баштап, Бишкектеги № 33, № 8 жана № 55 каттамдардын каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөртүү Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу болууда.
«Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

