Бишкекте Улуттук травматология жана ортопедия борборунун имаратынын курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты.
Белгилей кетсек, жаңы Травматология жана ортопедия борбору — заманбап медициналык комплекс болуп, анын жалпы аянты 34 500 чарчы метрди түзөт.
Ал эми имараттын аянты — 118,8 м × 58,6 метр болот. Медициналык борбор беш блоктон турат. Муну менен катар борбордо 11 бөлүм иштейт, алардын ар биринде 40 орун бар. Жалпысынан борбор 440 орунга ылайыкталган.
Травматология жана ортопедия тармагында адистерди даярдоо үчүн төмөнкүлөр каралган:
илимий конференция залдары;
окутуу класстары жана атайын зоналар;
административдик жана сервистик бөлмөлөр;
музей, санарип китепкана жана архив.
Борбордо төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:
амбулатордук жана стационардык медициналык жардам;
жогорку тактыктагы диагностикалык изилдөөлөр (МРТ, УДИ, рентген );
операциядан кийинки реабилитация.
Борбор жаракаттарды дарылоодон тышкары, оорулардын алдын алууга да басым жасайт, бул бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын активдүү жашоого кайтып келишине жардам берет.