17:28
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кыргыз эл акыны Эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жашында дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл акыны Нурпаис Жаркынбай 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 25-февралда саат 10:00дө Кыргыз драма театрында болот. Акындын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Нурпаис Жаркынбай 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чый айылында туулган. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган. Университетти аяктагандан кийин "Ленинчил жаш«гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары болуп көп жылдар бою иштеген.

Акын 1975-жылы Москвадагы жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. «Коммунисттик Кыргызстан» журналынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, 1995-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясынын илимий редактору болуп иштеген.

Нурпаис Жаркынбай СССР Жазуучулар союзунун (1966-жылдан) жана Журналисттер союзунун (1982-жылдан) мүчөсү болгон. Анын ырлары казак, молдован, украин, өзбек, уйгур жана башка тилдерге которулган. Акын Сулейманов, Евтушенко, Межелайтис, Фет, Тютчев, Маяковский, Пушкиндин ырларын кыргыз тилине которгон.

Адабият жана журналистикага кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин грамоталары менен сыйланган. 1994-жылы Нурпаис Жакырнбайга Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2018-жылы Эл акыны наамдары ыйгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар