16:43
USD 87.45
EUR 90.96
RUB 1.00

Дональд Трамп: «Вашингтондогу учак кырсыгынан аман калгандар жок»

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондун үстүндө кыйраган учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу чет элдик ЖМКтары жазууда.

Маалыматтарга ылайык, Дональд Трамп кырдаалга көз салып жатканын жана окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берерин белгиледи. Анткени учурда кырсыктын себеби белгисиз бойдон калууда.

«Мен кырдаалга көз салып жатам жана алар жеткиликтүү болгондон кийин кененирээк маалымат берем» деди Дональд Трамп.

«Тилекке каршы, аман калгандар жок», — деди президент Ак үйдө.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Учак дарыяга кулап түшкөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Вашингтондогу аэропортко жакын жерде жүргүнчү ташыган учак менен аскердик тик учак кагылышып кеткени кабарланган. Катуу соккудан улам учак Потомак дарыясына кулап түшкөн. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда учакта муз үстүндө көркөм бий боюнча дүйнө чемпиондору, орусиялык спортчулар Вадим Наумов менен жубайы Евгения Шишкова да болгону айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG