Өрүкзарлуу Баткен облусунун аймагында жайгашкан Кара-Бак айылы — чек ара турмушундагы бардык сыноолорун башынан өткөрүп келген айылдардын бири. Бул жерде убакыт менен мейкиндик өзгөчө ыргак менен өтөт. Айылдыктарды багып турган өрүкзарлары, турмуштун оордугу жана тургундардын чыдамкайлыгы биримдикте жашап, айылдын күнүмдүк жашоосун чагылдырып турат.
Бул аймакта 2015-2016-2019-жылдары чек арадагы мүрзөгө барган жолдун айынан талаш-тартыштар жаралып, улам чыр чыгып турган.
Сегиз миңдей калкы бар Кара-Бак айылынын тургундарынын бири — Шамшидин Жарматовго неберелерине баш-көз болуп, короосунда отун камдап жүргөн жеринен жолуктук. Аны менен баарлашып, чек арадагы турмуштун оорчулугун жана чыдамкайлуулугун чагылдырган тагдырынын күнгөй-тескейинен кеп кылдык.
Туулган жерине, топурагына болгон ыйыктыгын кеп салган каарманыбыз: «Менин турмушум, жашоом ушул короого, ушул айылга байланган. Ушул жерде алты балалуу болдум. Аларды эр-жетилттим. Канчалык оор сыноолор, кооптонуулар болду. Бирок башка аймакка көчүп кетүү деген пикирге ыктабадым», — деди.
Шамшидин Жарматовдун короосунун дубалынын аркы бетин Тажикстан десек болот. Азырынча шарттуу чек ара ушундай.
Анын үйү 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, талкаланган. Кыргыз өкмөтүнүн жардамы менен үй кайра курулуп, Шамшидин аба кыштактагы жашоосун улантууда.
Ошол эле учурда, анын коңшу дубалдаш кошунасынын үйү чек ара тактала элек болгондуктан, бузулган бойдон калган. Өрттөлүп, калыбына келтирилбеген бул үй анын көз алдында жаңжалдын тактары сыяктуу турат. Бул көрүнүш үч жылдай убакыттан бери Шамшидин аванын эсте кала турган эң оор окуяларынын бири болуп калды.
Бул кошунам Кыргызстандын жараны, жубайы Тажикстандын жараны болчу. Ошол окуяда үйү өрттөлүп, талкаланган боюнча турат.
Шамшидин Жарматов.
«Өзү миграцияга кеткен боюнча кабарым жок чынында. Бул жердеги чек ара тактала электигинен дешти, бузулган үй кайра калыбына келтирилбестен турат. Күйгөн жыгачтары, жарым бузулган дубалдары күн сайын сыртка чыксам, ошол окуяны эске салат. 2022-жылдагы ал окуя эми бир алаамат болуп өттү да. Канчалаган экономикалык эле эмес моралдык да зыян алып келди», — дейт Шамшидин аба.
Айыл тургундары үчүн бул оор сыноо болду. Мурдагы коңшу коопсуздук маселелеринен улам алыстап, соода-сатыктан түшкөн кирешенин орду бош калды. Эми Кара-Бак эли негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен жаштардын четте миграциялап жүрүп тапкан кирешесинен жан багууга аргасыз.
«Бизде негизинен өрүк менен жан багабыз. Мал кармайбыз. Анан жаштарыбыз көпчүлүгү чет өлкөдөн миграциядан киреше табышат. Базарыбыз бар, ал да соода солгундап кеткен. Мурда бул базарга Тажикстандан Өзбекстандан соодагерлер келип, өндүргөн өрүгүбүз, мал-жандыгыбызды жакшы баага сатчубуз. Азыр эми чек ара жабылгандан бери, карым-катнаш да токтоп базарда соода мурдакыдай болбой калды. Чек арага жакын болгондуктан соода-сатык менен алектенгендер да көп болчу. Азыр ал да токтогон. Бирок жашообузду улам жакшы жолго коюп, башка багыттарды изденип дегендей жакшы эле жашап жатабыз. Айрыкча Тажикстан менен чек арабыз такталды дегенден кийин жашообузга дагы да үмүтүбүз жакшы болуп калды. Биз да коопсуз, бейпил тирикчилик кылабыз эми», — деп кошумчалаганда жүзүндө жылмаю пайда болду.
«Мурда эми биздин айылда соода-сатык менен жан баккандар көп эле. Арада чек арадан контарбандалык жол менен соода кылгандар да көп болчу. Чек арадагы окуялардан кийин бул иштер дээрлик тыйылды. Азыр да арада анча мынча мындай мыйзамсыз иш жасагандар болуп, кармалып жатышат бирок мурдакыдай көпчүлүк мындай иш менен алеткенбей калды. Эл да мындайларды жектеп, жаман көрүп калышты» -деди.
Бул жерде жашоо жөнөкөй жана ишенимге негизделген
Кара-Бактын ички инфраструктурасы өзгөчө көңүлдү талап кылат. Айылда жолдордун сапаты начар, ички жолдордун жараксыздыгы тургундардын күнүмдүк жашоосун кыйындатат. Таза суу маселеси да айыл үчүн чоң көйгөй бойдон калууда. Жумушсуздуктун деңгээли жогору болгондуктан, айыл жаштарынын көбү чет өлкөгө миграцияга кетүүгө аргасыз. Миграция айылга бир тараптан финансылык жардам алып келгени менен, экинчи жактан үй-бүлөлөрдүн бөлүнүүсүнө жана коомдун биримдигине таасир этүүдө. Шамшидин Жарматовдун балдары, жубайы да Россияда миграцияда жүрөт:«Бул жакта жумушсуздук болгондуктан балдарым миграцияда. Айылда мындайлар көп.Эми ушул ички жолдорубузду оңдоп, таза суу маселеси чечилсе эч кандай кемчилигибиз жок жашайбыз деп турабыз. Айылда башка эмне керек эле. Акыркы жылдары айылыбызга мектеп, бала бакчалар курулуп, социалдык инфраструктура жакшырды. Жаңы жерлер өздөштүрулүп жатат. Мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жатат. Бизге ушул эле керек. Ушундай болуп турса четке миграцияга кеткен жаштарыбыз да акырындап айылга кайтышат деп ойлойм», — деп айтты.
Чек ара такталды: үмүт оту кайра жанданды
2024-жылдын декабрында кыргыз-тажик чек арасынын толук такталганы тууралуу кабар Кара-Бак айылына жаңы үмүт алып келди. Бул кабарды айыл тургундары кубануу менен кабыл алышты. Көп жылдар бою белгисиздикте жашаган эл эми бейпил жашоо жанданат деп ишеним артышууда. «Чек — ара такталган соң, айыл тургундары мурдагыдай коркуу жана кооптонуу сезимдеринен арылып, келечекке үмүт менен карай баштады», — дейт Шамшидин Жарматов.«Чек арадагы окуядан кийин балдарымдын апасы да чүнчүп, ошол окуяны унутайын деп балдарымдын алдына кеткен. Үйдө эки жылдай жалгыз жашадым. Мына эми келиним, неберелеримди, кыздарым да үйгө келишти. Азыр үйүм толуп, короомдо жашоо шаңданып калды», — дейт Шамшидин Жарматов.
«Биз эми коркпой жашай алабыз. Балдарыбыз тынчтыкта чоңоюшун каалайбыз», — дешет айыл тургундары.
«Мурда жашоо оор болчу. Чек арадагы чыңалуулар, ага кошумча айылда өнүгүү да жок, социалдык дагы башка тейлөө оор эле. Андан кийин 2022-жылы чек арадагы окуялар ого бетер элдин шаабайын сууткан болчу. Акыркы 2-3 жылда чек ара боюнча жакшы иштерди жүргүзүштү. Мына такталды. Айылда да мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурула баштады. Жаштарда, айрыкча аялдар, балдар үчүн жашоого, ушул эле жерде жашоого үмүт пайда болду. Чек арадагы айыл деген статус берилип, социалдык жөлөк пулга, пенсияга кошумча каражат берип жатат мамлекет. Жолдорду аз-аздан оңдоп, курулуштар жүрүп жатат. Айылда жашоо жанданды десек болот да».
Кара-Бак: жөнөкөй турмуштагы чоң сабак
Кара-Бак айылы — бул татаал турмушту, географиялык чектөөлөрдү жана саясий окуяларды өз турмушуна кошуп, чыдамкайлык менен жашаган элдин мекени десек болот. Айылдагы тургундар — жөнөкөйлүктү, эмгекти жана үмүттү баалаган адамдар. Алар жаратылыш менен шайкештикте, оорчулуктарга карабастан, жакшы келечекке умтулушат.
Бул айылдагы ар бир күн — турмуштун сыноолоруна туруштук берүү жана үмүттү жоготпой жашоо сабагы. Чек арадагы жаңы тынчтык Кара-Бакка гана эмес, бүтүндөй регионго бейпилдик жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келет деп ишенүүгө болот.