20:59
USD 87.45
EUR 91.29
RUB 0.95

АӨБ Барскоон-Каракол жолун реконструкциялоого 109,5 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Ысык-Көл айланма жолунун Барскоондон Караколго чейинки бөлүгүн реконструкциялоого 109,5 миллион доллар бөлөт. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун негизги документинде бул каражаттын 87 миллион доллары Кыргызстанга 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 32 жылдык насыя катары берилери айтылган. Жеңилдетилген мезгилде ченем 1 пайызды, сегиз жылдан кийин 1,5 пайызды түзөт.

АӨБ калган 22,5 миллион долларды грант катары берет.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл айланма жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Каржы министрлиги 365 чакырымды реконструкциялоого каражат тапты. Учурда 303-чакырымда иш жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG