Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан мурдагы «Аристократ» дүкөнүнөн өрт чыкты
10:24, 20-январь 2025, Бишкек - 24.kg
Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө мурда «Аристократ» дүкөнү жайгашкан эки кабаттуу үйдөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт саат 8:00дөр чамасында башталган. Өрттү өчүрүүгө төрт өрт өчүрүүчү бригада тартылган.