Бишкекте пара талап кылуу жана кыйноо фактысы боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
КР Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу жана кыйноо фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери С.А.Ш. аттуу жаран кармалды.
Алгачкы тергөө материалдарына ылайык, Октябрь РИИБдин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын сентябрь айында К.А. жана А.Н. аттуу жарандар кыйноого алынып, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу максатында 500 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.
Учурда кылмышка шектүү башка кызматкерлерди аныктоо менен жоопкерчиликке тартуу максатында тиешелүү тергөө жана ыкчам-издөө чаралары улантылууда.