Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алып, ден соолугунун абалы менен таанышты.
Ведомстводон билдиришкендей, жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүндө жатат.
Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу жана оор. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө адистердин такай көзөмөлүндө болуп, бардык зарыл болгон дарыланууда.
Эскерте кетсек, 25-декабрда Баку-Грозный багыты боюнча учкан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Учак Орусияга конуу аракети ийгиликсиз болгондон кийин шашылыш түрдө ал жакка багыт алган. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны бар болгон.