18:33
USD 87.00
EUR 91.29
RUB 0.84

Орусия бийлигинин кара тизмесинде 69 миңден ашуун кыргызстандыктар бар

Орусиянын кара тизмесинде Кыргызстандын 69 миңден ашуун жараны бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Биринчи радиого билдирди.

Анын айтымында, кара тизмеден тышкары боз тизме деп аталган дагы бар, анда Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары тобокелдик зонасында жашаган жарандарды камтыйт. Ал жакта дагы 72 миң кыргызстандык бар.

«Кара тизмедегилерден айырмаланып, боз тизмедегилер өз укуктарын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышат», — деп белгиледи чиновник.

Анын айтымында, көбүнчө кара тизмеге мыйзамсыз каттоодон өтүп, эмгек келишими жок жүргөндөр кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар