14:29
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары −2024: Кыргызстан жорго салыш боюнча 2 медаль утту

Кыргызстандын жорго салыш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чубак Жайлообек уулу Чиксон аргымагы менен 1-орунду ээледи. Аттын ээси Жаныбек Карыпбеков, саяпкери Чубак Жайлообек уулу.

Ал эми Нурэл Иранов Императрица аргымагы менен 3-орунду алды. Аттын ээси Өмүрбек Бабанов, саяпкери Чубак Жайлообек уулу.

Мелдешке 18 чабандес катышып, 9 чакырымга аттар чабылды.

Курама команда машыктыруучулар Мирзат Шүгүралиев, Самаган Бейшеналиев, Уланды Султанбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар