14:31
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Көчмөндөр оюндары — 2024: Жаа атуу боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын жаа атуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында 4 медаль (1 күмүш, 3 коло) жеңип алышты. Бул тууралуe Дене тарбия жана спорт департамнетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында Асел Садырова салттуу жаа атуунун түрк стили боюнча 2-орунду ээлесе, калкан стили боюнча коло медалга ээ болду. Исхак Токонов түрк стили боюнча, ал эми Аида Акматова ат үстүндө жаа атуу боюнча 3-орунду ээлешти.

Курама команда машыктыруучулары Алмаз Акунов жана Марат Мунарбек уулунун жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар