14:30
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи көрүүчүлөрсүз өтөт

Астанада уюштурулган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи бюджеттин кыскарышынан улам протоколдук форматта жана көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу оюндардын уюштуруучулары билдирди.

«Бүгүн, 13-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи болот. Быйыл жазында бюджеттин кыскарышына байланыштуу иш-чара шаан-шөкөтсүз, протоколдук форматта жана көрүүчүлөрсүз өтөт. Жабылуу аземин Казакстандын алдыңкы телеканалдары түз ободо көрө алышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Уюштуруучулар ошондой эле шылуундардын жабылыш аземине билеттерди сатып алуу сунушуна алдырбоого чакырышты.

«Жабылыш аземине сатыла турган билеттер жок. Мындай сунуштун баары алдамчылык болуп саналат жана жарандарды сак болууга чакырат. Сураныч, шектүү сунуштарга жооп бербеңиз. Жабылуу аземи катышуучуларга гана арналган жана көрүүчүлөрдүн катышуусун камтыбайт», — деп түшүндүрүштү алар.

Уюштуруучулардын айтымында, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн 2,5 миңге жакын спортчу катышып, ар кыл маданияттын жана этностордун өкүлдөрүн спорттун жана көчмөн маданиятынын салт-санаасынын масштабдуу майрамына бириктирген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Эң көп окулган жаңылыктар